Совет бийлиги деген эмне?

Совет бийлиги деген эмне? Көпчүлүк өлкөлөрдө али да түшүнгүсү келбей же түшүнө албай жүргөн бул жаңы бийликтин мааниси эмнеде? Ар бир өлкөнүн жумушчуларынын көңүлүн улам барган сайын өзүнө көбүрөөк тартып жаткан бул жаңы бийликтин мааниси мына мында: эгерде мурда мамлекетти ар кандай жолдор менен байлар же капиталисттер башкарып келген болсо, азыр мамлекетти дал капитализм тарабынан эзилип келген таптар биринчи ирет башкарып отурат, башкарганда да массалык түрдө башкарып отурат. Ал түгүл эң эле демократиялуу, эң эле эркин республикада да, капиталдын үстөмдүгү азырынча сакталып турган кезде, жер азырынча жеке менчикте калып турган кезде мамлекетти ар дайым болор-болбос азчылык башкарып турат, бул азчылыктын ондон тогузу капиталисттерден же байлардан турат.

Мамлекеттик бийлик бизде Россияда дүйнөдө биринчи ирет мына мындайча болуп курулуп отурат: жалаң жумушчулар гана, жалаң эмгекчи дыйкандар гана, эксплуататорлорду чыгарып гаштап, массалык уюмдарды — Советтерди түзүшөт, ал эми бул Советтерге болсо, бүткүл мамлекеттик бийлик өткөрүлүп берилет. Мына ошондуктаи бардык өлкөлөрдөгү буржуазнянын өкүлдөрү Россияга канчалык жалаа жаап, ушак айтышса да, «Совет» деген сөз дүйнө жүзүнүн бардык жеринде түшүнүктүү гана эмес, ошону менен бирге жумушчулар үчүн, бардык эмгекчилер үчүн абдан белгилүү, сүйкүмдүү сөз да болуп отурат. Мына ошондуктан Совет бийлиги, коммунизмдин тарапкерлери ар түрдүү өлкөлөрдө канчалык куугунтукка алынса да, Совет бийлиги сөзсүз, күмөнсүз жана жакын аранын ичинде бардык өлкөлөрдө жеңип чыгат.

Совет бийлигин уюштурууда бизде али да болсо көп кемчиликтер бар экендигин биз жакшы билебиз. Совет бийлиги сыйкырдуу тумар эмес. Ал эскичиликтин кемчиликтерин, сабатсыздыкты, маданиятсыздыкты, жапайы согуштун салдарын, талоончул капитализмдин мурасын дароо эле жок кыла албайт. Бирок ошондой болсо да ал социализмге өтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эзилип келгендердин жогору көтөрүлүшүнө мүмкүндүк берет, бүткүл мамлекеттик башкарууну, бүткүл чарбалык башкарууну, бүткүл өндүрүштүк башкарууну улам барган сайын көбүрөөк өз колуна алууга мүмкүндүк берет.

Совет бийлиги дегенибиз — социализмге алып бара турган жол, эмгекчи массалар тапкан жол, мына ошондуктан — туура, мына ошондуктан — жеңилбес жол болуп эсептелет.

1919-жылы