Жолдоштор, сиздерге кабыл алынып, мага билдирилген план боюнча, биздин бүгүнкү аңгемебиздин темасы — мамлекет жөнүндөгу маселе болуп саналат. Мен сиздердин бул маселе менен канчалык тааныш экениңиздерди билбеймин. Эгерде мен жаңылбасам, сиздердин курсуңуздар жаңы эле ачылып, сиздерге бул маселеге системалуу түрдө биринчи жолу киришүүгө туура келип отурат. Эгерде бул ушундай болсо, менин бул кыйын маселе жөнүндөгү биринчи лекцияны жетишерлик түрдө ачык баяндай албай калышым жана угуучулардын көпчүлүгү аны жетишерлик түрдө ачык түшүнө албай калышы өтө мүмкүн. Ал эми бул мына ушундай болуп чыкса, анда менин сиздерден сурарым, буга көңүлсүздөнбөңүздөр, себеби мамлекет жөнүндөгү маселе — эң татаал, эң кыйын жана буржуазиялык окумуштуулар, жазуучулар жана философтор тарабынан эң эле чаташтырылган маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан бир эле жолку кыскача аңгемеде бул маселени толук билүүгө болот деп эч качан үмүт кылбоо керек. Бул жөнүндөгү биринчи аңгемеден кийин, түшүнүксүз же ачык жерлерине экинчи, үчүнчү жана төртүнчү жолу кайрылуу үчун, түшүнүксүз болуп калган жерлерди окуп алуу аркылуу болсун, ошондой эле айрым лекциялар менен аңгемелер аркылуу болсун, андан ары толуктоо жана айкындоо үчүн аларды белгилеп алуу керек. Биз бул жөнүндө дагы бир жолу чогула алабыз деп ишенемин, мына ошондо бардык кошумча маселелер боюнча пикир алышууга жана өтө түшүнүксүз болуп калгандарды текшерүүгө мүмкүн болор. Ошону менен катар, сиздер уккан аңгемелерге жана лекцияларга кошумча кылып, Маркс менен Энгельстин эч болбогондо эң башкы чыгармаларынын кээ бирлерин окуп чыгууга белгилүү убактыңыздарды арнайсыздар деп ишенемин. Сиздердеги китепканада советтик жана партиялык мектептердин окуучуларына берилген адабият көрсөткүчүнөн жана окуу куралдарынан,— сиздер бул башка чыгармаларды шексиз таба тургандыгыңыздара күмөн жок, мында да баяндалышынын кыйыядыгы кээ бирөөлөрдү адегенде чочутуп жибериши да мүмкүн,— мындан көңүлсүздөнүүгө болбой тургандыгын, биринчи жолу окуганда түшүнүксүз болгон жерин кайталап окуганда, же сиздер маселеге кийинчерээк бир канча башка жагынан киришкениңиздерде түшүнүктүү боло тургандыгын кайрадан дагы эскертип кетүү керек, анткени бул абдан татаал маселе экендигин жана муну буржуазиялык окумуштуулар менен жазуучулар абдан чаташтыргандыгын, бул маселени олуттуу түрдө ойлоп чыгууну жана өз алдынча өздөштүрүүнү каалаган ар бир кишиге аны ачык жана бекем түшүнүү үчүн ага бир нече жолу киришүү, ага улам-улам кайрылуу, ал маселени ар бир жагынан ойлоо зарыл экендигин дагы кайталап айтамын. Бул маселеге кайрылуу сиздерге эң жеңил болот, анткени бул маселе — бүткүл саясаттын негизги, түпкү маселеси, анткени азыр биз башыбыздан өткөруп жаткандай дүркүрөгөн, революциялык убакытта гана эмес, ошондой эле эң тынчтык убакыттарда да сиздер күн сайын ар кандай экономикалык же саясий маселе боюнча ар кайсы газетадан мамлекет деген эмне, анын мазмуну эмнеде, анын мааниси эмнеде жана биздин партиянын, капитализмди кулатуу үчүн күрөшүп жаткан партиянын, коммунисттер партиясынын мамилеси кандай, мамлекетке карата болгон анын мамилеси кандай деген суроого дайыма жолугасыздар,— сиздер бул же тигил себептер боюнча бул маселеге күн сайын туш келесиздер. Мында эң эле негизгиси, сиздер окуунун натыйжасында, мамлекет жөнүндөгү аңгемелер менен лекцияларды угуунун натыйжасында, бул маселеге сиздер өз алдынча кирише билүүгө жетишүүңүздөр керек, анткени өтө ар түрдүү шылтоолор боюнча, ар бир майда маселе боюнча, эң эле күтүлбөгөн учурларда, каршы адамдар менен аңгемелешкенде жана айтышканда бул маселе сиздерге кездешет. Сиздер бул маселе боюнча өз алдынча тушүнө билүүнү үйрөнгөн убакта гана,— ошондо гана сиздер өзүңүздөрдүн ишеничиңиздерди жетишерлик бекем деп, жана аны кимдин алдында болсо да, качан болсо да жетишерлик ийгилик менен жактай аламын деп эсептей аласыздар.